Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 32 / 4
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетин аткарылышы, 2019-жылга жергиликтүү бюджетин киреше-чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
1) Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар-4 021.5 сом;
2) Теңдештирилген грант – 8 751.9 сом.
Баардыгы: 12 773,4 (он эки миллион жети жүз жетимиш үч миң төрт жүз) сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
Башкаруу аппаратына – 9 257,1 сом; Р-701 11
Китепкана 207,6 сом; Р-708 21
Маданият тармагына – 727,7 сом; Р-708 23
Бала бакчага – 483,2 сом; Р-709 11
Атайын каражат- 230,0 сом; Р- 709 11
Мектеп - 2 097,8 сом; Р-709 21
Экономикалык маселелер (жайыт комитети)- 394,3 сом; Р- 704
Баардыгы:12 773,4(он эки миллион жети жүз жетимиш үч миң төрт жүз) сом.
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоордун киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) 2020-жылга
Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 4 298,5
сом;
Теңдештирилген грант- 8 793,2 сом.
2) 2021-жылга
Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 4 592,5
сом;
Теңдештирилген грант- 8 530,3 сом.
Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмдө акча каражаты түшүп, тиешелүү статияларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 10.01.2007-жылдагы № 09-229 буйругунун негизинде берилсин;
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде, чыгашаларды атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: Т. Жумакадыровго тапшырылсын;
Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | У. Мокешов |