Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылыштынын XXXII-сессиясы
2019-жылдын 18-январы № 32 / 1
Ак-Муз айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-Муз айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Жусумамбетов, айылдык Кеңештин соц. тармак боюнча туруктуу комиссиясына мүчө болуп которулуп, айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Төлөмүшов бюджет боюнча туруктуу комиссиясына мүчө болуп которулсун.
Б. Мамырбаев айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
Ак-Муз айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына төрага болуп Н. Шамуратов бекитилсин.
4. Ак-Муз айылдык Кеңештин соц. тармак боюнча туруктуу комиссиясына төрага болуп А. Абдырахманов бекитилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |