Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № 20/1
Чалма айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
Жергиликтуу өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана 33-беренесинин 3-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Чалма айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т .
1. Чалма айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин берген маалыматы көнүлгө алынсын жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү тарабынан мыйзам бузууларга жол берилбей киреше бөлүгү 14 023 500 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн финансы-экономика болумунун башчысы А. Козуевге;
- айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын:
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |