Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № 20/2
Чалма айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылдын бюджети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 20-бөлүмүнүн 102-беренесине, Чалма айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 1-главасынын 2-пунктуна ылайык, Чалма айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылдын бюджети жөнүндөгү Чалма айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын, Чалма айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 14 023 500 мин сомго, чыгаша бөлүгү 15 059 500 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери менен чыгашалары гранттар ичинде 2019-жылга 8 367 900 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Чалма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде, баалардын деңгээлдеринин, инфляциянын деңгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөрүүлор айылдык кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик , саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |