Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI ШАЙЛАНГАН) 3АСЕДАНИЕСИ
2018-жылдын 27-декабры № 20/3
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылында жайгашкан «Кочкорбай куудул» атындагы маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун өздүк салымына Чалма айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Токбай-Талаа айылында жайгашкан «Кочкорбай куудул» атындагы маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токбай-Талаа айылында жайгашкан «Кочкорбай куудул» атындагы маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун өздүк салымына Чалма айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен 736 610(жети жүз отуз алты мин алты жүз он )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токбай-Талаа айылында жайгашкан «Кочкорбай куудул» атындагы маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында түрткү берүүчү(үлүштүк) грантка жазылган долбоорун колдоп берүү жагы Кара-Кулжа районунун түрткү берүүчү (үлүштүк) грант боюнча комиссиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч. Алишовго жана Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Култаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |