Загрузка документа…
КЕТМЕН – ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 03-декабры № 71
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу “№12 Турусбек жана №13 Коргол атындагы орто мектептеринин каалга, терезелерин алмаштыруу” жана ошондой эле “Т.Суранчиев атындагы оорукананын чатырын алмаштыруу” долбоордук сунуштарын колдоо жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелөөчү жумушчу топтун жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “№12 Турусбек атындагы жана №13 Коргол атындагы орто мектептеринин каалга, терзелерин алмаштыруу”, ошондой эле “Т.Суранчиев атындагы оорукананын чатырын алмаштыруу” боюнча долбоорлор жактырылсын.
2. Долбоорлорду ишке ашырууда өздүк салымдын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
-№12 Турусбек атындагы орто мектебине – 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом.
-№13 Коргол атындагы орто мектебине – 350 (үч жүз элүү миң) сом.
-Т.Суранчиев ооруканасына – 150 000 (жүз элүү миң) сом.
Жалпы 950 000 (тогуз жүз элүү миң) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп мммммберилсин.
3. Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу жагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороевге жана демилгелөөчү жумушчу топко жүктөлсүн. Алар өз ишинде Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы жетекчиликке алышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |