Загрузка документа…
КЕТМЕН – ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 03-декабры № 72
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн иш-чаралар планынын долбоору жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн иш-чаралар планынын долбоору жөнүндө Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы И.Чороевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн иш-чаралар планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
2. 2019-жылга түзүлгөн иш-чаралар планы боюнча иш алып баруу жагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жалпы кызматкерлерине жана тиешелүү мекеме жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы И.Чороевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына калтырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |