Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4- чакырылышынын кезексиз 36-отуруму
2018-жылдын 19-декабры № 39/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык социалдык объектилердин, мекемелерге жылуулуктун берилиши жөнүндө
Э. Мурзаев атындагы орто мектебине, Күнгөй баштооч мектебине жана Кабылан-Көл бала бакчасына, ФАПка жылуулуктун берилиши жөнүндө депутат Сыдыков Турдакундун билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Э. Мурзаев атындагы орто мектебине, Күнгөй баштооч мектебине жана Кабылан-Көл бала бакчасына, ФАПка жылуулуктун берилиши канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерине жалпы 85 тонна көмүр түшүрүлгөндүгү белгиленсин. Түшкөн көмүрдү сарамжалдуу пайдалануу жана мектептердин жана бала бакчанын, ФАПтын жылуулугун бирдей температурада кармоо, отказандарын, печкаларын жагууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо жагы мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У.Кадыркулов |