Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4- чакырылышынын кезексиз 36-отуруму
2019-жылдын 28-январы № 39/4
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калкты пенсия пособия, газета , журналдар менен тейлөөдө почта кызматкерлеринин аткарган иштери жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калкты пенсия пособия, газета , журналдар менен тейлөөдө почта кызматкерлеринин аткарган иштери жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Жаңыбаев Эсенбектин маалыматын угуп, талкуулап, Кабылан-Көл айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калкты пенсия пособия, газета , журналдар менен тейлөөдө почта кызматкерлеринин аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндө пенсия пособия, газета , журналдар менен калкты сапаттуу тейлөө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, газета журнал, каттарды өз убагында таратуу, элге маданияттуу мамиле кылуу жагы байланыш бөлүмүнүн башчысы Матиева Суксурга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У.Кадыркулов |