Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 7-декабры № 27
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ИСКААКБ Таза-Суунун кышка болгон даярдыгы жана аткарган иштери боюнча маалыматы толук болбогондугуна байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
2. Жаңы ачылуучу балдар бакчасына “Нур желеси” аты ыйгарылсын.
3. Аймактын жаңы түзүлүп жаткан Ген.планын бекитүү кийинки сессияга калтырылсын.
4. Аймактагы жер тилкелерин инвентаризациялоодо жер тилкелери толук такталбагандыктан кийинки сессияга калтырылсын.
1. Кууганды айыл өкмөтүнө, Республикалык бюджеттен кошумча түшкөн 370 000 (үч жүз жетимиш миң) сом акча каражатын Үч-Эмчек бала бакчасына балдар үчүн катуу, жумшак эмеректерди, ашканасына керектүү жабдуулардын комплектисин жана кенсе буюмдарын алуу үчүн чыгымдалсын.
2. Көрсөтүлгөн акча каражатына тендер жарыялоо үчүн комиссия түзүлүп, жарыя берүү жана тендерден уткан жеке ишкерге акча каражатын которуу жагы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Д.Шыгаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Тайтекеев |