Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы
2019-жылдын 18-январы № 28
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. ИСКААКБ “Таза-суу” коомдук бирикмесинин суу пайдалануучуларынын жыйынынын негизинде И.Нукешов ИСКАКБ “Таза суу” коомдук бирикмесинин жетекчиси болуп дайындалсын.
2.Айыл тургундарын ичүүчү суу менен туруктуу камсыздандыруу жагы “Таза суу” жетекчиси И.Нукешовго милдеттендирилсин.
3.Ичүүчү сууга болгон тарифтер мурункудай:
а). Суу түтүгүн үйгө киргизүүдө бир жолку төлөм 2000 сом,
б) Түтүн башына 40 сом калтырылсын.
4.Ичүүчү суу түтүгүн үйүнө киргизип, суу киргизүү үчүн бир жолку төлөмү 2000 сомду төлөбөгөн тургундардын,суу түтүгүн кыркууга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Сатаевдин 2 жолку сессияга катары менен келбей,маалымат бербегендиги үчүн кызмат орунун кароо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Документтерди өз убагынан кечиктирип бергендиги үчүн, айылдык ФАП жетекчиси К.Нусубалиевага айыл тургундарынан оозеки арыздардын түшкөндүгүнө байланыштуу эскертүү берилсин, дагы кайталанса кызмат орунун кароо боюнча райондук УДП башчысына сунуштама берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. 1. Балдар бакчасынын ата-энелер фондун уюштурууга ата-энелер комитети түзүлсүн.
3. Ата-энелер комитети тарабынан жыйналыш уюштурулуп, бир жолку төлөнүүчү взностун өлчөмү менен бирге ай сайын тамак-аш үчүн кошумча төлөмдүн өлчөмү белгиленсин.
5. К.Каимов атындагы орто мектебинин ашканасын жылытуу жана окуучулардын ден-соолугуна пайдалуу шарттарды түзүү, керектүү 10 даана кол жуучу раковиналарды алып берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Тайтекеев |