Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI – чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 25-декабры № 61
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыштут айылынын Кыштут – Баткен маршруттук каттамынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыштут айылынын Кыштут – Баткен маршруттук каттамынын тарифтерин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Астанакуловдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыштут айылынын Кыштут – Баткен маршруттук каттамынын тарифи 1 (бир) километрине 1 (бир) адамга 1,93 (бир сом токсон үч тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Зикиров |