Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры №1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралу типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Буркановдун Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобосун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобосу алымча кошумчасы менен №1тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет) .
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, коомдук коопсуздук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Масабиров |