Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2018-жылдын 4-декабры №3
Жаңы конуш көчөлөрүнө ысым берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы ,
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басарынын Баймундуз айылынын тургуну Абдыллазов Даанышбектин 2018-жылдын 28-сентябрындагы кириш№А-90 сандуу арызынын негизинде өткөрүлгөн айылдык жыйындын протоколу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылындагы Ноо участкасындагы аты коюлбаган жаңы конушка Баймундуз айылынын тургуну, №22 Тагай уулу Камал атындагы орто мектепте 40жыл эмгектенип кеткен маркум Абдыллазов Икрамдын ысымы берилсин.
2. Көчөнү жашылдандырууга жана тазалыгына, шагал төшөөгө арыз ээси жардам көрсөтүп, жолдорго коюлуучу табличкаларды архитектуранын көрсөтмөсүнө негиз илинсин жана токтомдун көчүрмөсүн арыз ээсине жеткирүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга жүктолсүн.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Масабиров |