Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14 –январы № 20/1
«Барс-S», «Махмуд-Кашкари-Барскоон», «Ак-Тʏз -Тазалык» , «Таза жол сервис», муниципалдык ишканаларынын , Жайыт бирикмесинин жана «Таарылга -Булак» бирикмесинин отчеттору жɵнʏндɵ
«Барс-S», «Махмуд-Кашкари-Барскоон», «Ак-Тʏз -Тазалык» , «Таза жол сервис», муниципалдык ишканаларынын , Жайыт бирикмесинин жана «Таарылга -Булак» бирикмесинин жетекчилеринин 2018-жылдагы аткарылган иштери боюнча отчетторун угуп, талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын аймагындагы «Барс-S», «Махмуд-Кашкари-Барскоон», «Ак-Тʏз-Тазалык» , «Таза жол сервис», муниципалдык ишканаларынын, Жайыт бирикмесинин жана «Таарылга-Булак» бирикмесинин жетекчилери И.Саданбековдун, Ж.Иманкуловдун, Т.Касымалиевдин, Э.Имангожоевдин, Э.Элебесовдун жана Ы.Иманалиевдин 2018-жылдагы аткарылган иштеринин отчеттору жактырылсын.
2. «Барс-S», «Махмуд-Кашкари-Барскоон», «Ак-Тʏз-Тазалык», «Таза жол сервис», муниципалдык ишканаларынын, Жайыт бирикмесинин жетекчилеринин 2015-2018-жылдардагы аткарылган иштеринин отчеттору канагаттандыраарлык деп табылсын.
3. Ишканалардын жетекчилерине мындан кийинки убактарда дагы финансылык так отчетторун даярдоо жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Н.Т.Чекиров |