Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 22-ноябры № 6
Калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө жобосун жана”Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөттөрдүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө Типтүү жобосун жана”Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөттөрдүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин Типтүү формасын бекитүү жөнүндөгү 2018-жылдын 30-мартындагы № 01-18/38 сандуу буйругу менен жөнөтүлгөн жобону карап чыгып Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө жобосун жана ”Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөттөрдүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Укуеевге милдеттендирилсин.
Төрага | И.Жумабеков |