Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын 22- отуруму
2018-жылдын 30-ноябры № 23/1
Кышка карата мекеме-ишканалардын даярдыгынын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча убактылуу комиссиянын билдирүүсүн угуп, талкулоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларды 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгынын аткарылышы жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларга 2018-2019-жылдарга келип түшкөн көмүрдүн сапаты начар болгондугуна байланыштуу, күз-кыш мезгилине карата даярдыктар канааттандыраарлык эмес.
2. Социалдык обьектилерди күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгаруу жагы, айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин өз жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |