Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын 22- отуруму
2018-жылдын 30-ноябры № 23/2
Олжоке таза суусу боюнча убактылуу комиссиянын билдирүүсүн угуу жөнүндө
Олжоке таза суусу боюнча убактылуу комиссиянын билдирүүсүн угуп талкуулап,
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Олжоке таза суусу боюнча убактылуу комиссиянын билдирүүсүнүн жана 2018-жылдын 28-сентябрындагы элдик жыйындын протоколунун негизинде айыл тургундарынын үйүнө электрондук эсептегич койгондор эсептегичтин көрсөткүчү аркылуу, эсептегич койбогондор айына 100 сомдон төлөө жагы белгиленсин.
2. Элдин түшкөн акча каражаты таза сууну иштетүүчү кызматкерге жана техникалык оңдоп-түзөө иштерине жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |