Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын 23- отуруму
2018-жылдын 30-ноябры № 23/3
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобо негизинен бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча административдик комиссиясы жобонун негизинде түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жобо айылдык кеңештин кийинки отурумуна чейин талкууга айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн айыл башчылары жана тиешелүү кызматкерлер талкууга алып чыгышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы айылдык Кеңештин жалпы туруктуу комиссияларына, айыл өкмөт башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке, социалдык кызматкер К. Жапаровага жана тиешелүү кызматкерлерге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |
Корул айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы 23/3 токтому менен бекитилген
Корул айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары туралуу
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргаз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары- Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнундө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары- Комиссия ) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
3. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
5. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет.
6. Комиссия жыл сайын,15- январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан. Комиссиянын төрагасынын, орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кеңештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
-шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамаатын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча ).
10. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
12. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган
соттулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналык корутундуга ылайык ден-соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт
13.Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кенеш Комиссияны түзүү жөнундө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаны курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
14. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
- Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматтын токтоткондо;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
-күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүлүүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден-соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда ;
- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда ;
- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөту аяктаганда;
-жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
15. Комиссиянын жаңы мүчөсү комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынганда 15 календардык күндөн кеч эмес бекитилет.
16. Комиссиянын ыйгарым укуктары комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
17. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
18. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
19. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша ( материалдардын түшүшүнө карата ) өткөрүлөт.
Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
20. Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлорүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму
укуктуу болот. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
21. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
24. Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
26. Комиссияны ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
27. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
28. Комиссичнын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштерди материалдары менен таанышууга;
-Бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
-жүрүм турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга;
Төмөндөгүлөрго укуктуу:
-бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
29. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмөндөгүлөргө милдеттүү;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
-Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) ошондой эле Комиссиянын башка документерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү;
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары төмөнкүдөй укуктарга ээ.
-өз компетенциясынын чегинде комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Коммисиянын кызыкчылыктары билдирүүгө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
-ушул Жобого жана кодекске ылайык башка укуктарга.
30.Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары.
-бузуулар жөнүндө Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштуурат.
Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
31. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
-өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкөн материалдарды. Билдирүүлөрдү жана арыздарды ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн. Массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт.
-бузуулар жөнүндө протоколдорду Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат.
-Комиссиянын мүчөлөрүнүн бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комсиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат.
- Комиссиянын от
урумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдого) кол коет;
-аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүну камсыз кылат.
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат.
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзүлөт.
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат.
-бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажырыйбасын иликтейт жана жалпылайт. Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт.
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат. Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мучөлөрүнүн бири аткарып турат.
-ашыкча ысырапкорчулукка жана ыксыз чыгымдарга (тажияларда бодо малдарын союуга) жол бербейт;
-белгиленген мөөнөттө жайлоого көчпөгөндөргө жана жайлоодон мөөнөтүнөн эрте көчүп келгендерге чара көрөт.
32. Эгерде комиссиянын мүчөлөрү:
-бузуу үчүн жоопкерчилике тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле
күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун, туугандары болушса;
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
5.Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
33. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.