Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2018-жылдын 06-декабры № 194
Мырза-Аке айылынын тургуну “Мурас” ишканасынын жетекчиси К.Сополованын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап, талкуулап , Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11- статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну “Мурас” кол өнөрчүлүк ишканасынын жетекчиси К.Сополованын арызы канааттандыруусуз калтырылсын.
2.“Мурас” кол өнөрчүлүк боюнча ишканасы азыркы учурда айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги имаратта тургандыктан , муниципалдык менчик арыз ээсинин жеке менчигине берилбей тургандыгы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |