Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2018-жылдын 06-декабры № 195
«Тазалык» ишканасына келген МТ-З-82-1 тракторду айыл өкмөтүнүн балансынан,“Тазалык” ишканасынын балансына өткөрүү жөнүндө
Финансы ,экономика ,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боююнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тазалык» ишканасына келген МТ-З-82-1 тракторду айыл өкмөтүнүн балансынан,“Тазалык” ишканасынын балансына өткөрүү жөнүндөгү «Тазалык» ишканасынын жетекчисинин арызы канааттандырылсын.
2. «Тазалык» ишканасына келген МТ-З-82-1 тракторун , айыл өкмөтүнүн балансынан,“Тазалык” ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |