Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2018-жылдын 06-декабры № 198
Эксковатор жана погрузчиктин иштетилиши боюнча депутаттардын суроо-талабы
“Мырза-Аке СПА” ишканасына тиешелүү эксковатордун жана “Жайыт комитетине” тиешелүү погрузчиктин иштетилиши боюнча депутаттардын суроо – талабын угуп жана талкуулап ,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Мырза-Аке СПА” ишканасына тиешелүү эксковатордун жана “Жайыт комитетине” тиешелүү погрузчиктин иштетилиши боюнча депутаттардын суроо – талабы канааттандырылсын.
2. “Мырза-Аке СПА” ишканасына тиешелүү эксковатордун жана “Жайыт комитетине” тиешелүү погрузчиктин иштетилиши боюнча толук эсептик маалыматты айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкулов, жетекчилери Ш. Турдукеев жана К.Матураимовдор кезектеги XX сессияга алып келсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |