Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 22-сессиясынын кезексиз отуруму
2018-жылдын 27-ноябры № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борборунун Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 30-мартындагы № 01-18-38 номерлүү буйругуна ылайык Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 22-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борборунун Типтүү жобосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Калкка кызмат көрсөтүү борборунун жооптуу адамы болуп Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн маалымат алмашуу жана компьтердик технологиялар боюнча адиси К.Суюндуков бекитилсин.
3. Калкка кызмат көрсөтүү борборунун ишмердигин уюштуруу айыл өкмөттүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын
Төрага | Н Маматназаров |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-ноябрындагы 22-сессиясынын кезексиз отурумунун № 3- токтомунун № 1- тиркемеси
ТИПТүү ЖОБО
Жалпы жоболор
ККБнын түзүүнүн максатары жана милдеттери
ККБнын уюштуруу ишмердиги
ККБда маалыматтык-сурап билүүнү камсыздоо
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
Айыл өкмөт башчысынын жоопкерчилиги
Кошумча кызматтар
ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган. Калкка жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү инструменттердин бири болуп айыл өкмөттөргө караштуу көп тармактуу функционалдуу кызмат көрсөтүүчу борборлорду (ККБ) түзүү болуп саналат.
Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде ККБ мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууга ыйгарым укукка ээ.
1.1. ККБнын ишмердиги жөнүндө Типтүү жобо 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»,«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
1.2. ККБ жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси аркылуу түзүлөт.
1.3. ККБ өзүнүн ишмердигинде келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын структуралык түзүмдөрү менен өз ара аракеттен
ККБнын түзүүнүн максаттары жана милдеттери
2.1. Борбордун түзүү максаты болуп, жарандар үчүн бирдейликти камсыз кылуу, айрыкча аялуу топторду(балдарды, жаштарды, аялдарды) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кызмат көрсөтүүнүн процедурасын жеңилдетүүнүн негизинде ,кызмат көрсөтүүнүн убактысын кыскартуу,коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүү эсептелет.
2.2. Борбордун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн уюштуруунун астында кайрылуучу субөектилердин кайрылуу санын минималдык өлчөмдө азайтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана анын сапатын жогорулатуу;
б) кайрылуучуларга бир элеубакытта бири-бирине байланышкан мамлекеттик жана же муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
в) ККБнын жооптуу өкүлү (администратору) аркылуу кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылуучуга маалымат берүүнү камсыздоо;
г) жарандардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын же сунуштарын кароо, коомдук инициативаларды, административдик, жер, турак-жай, коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча жарандык укуктун негизинде жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;
д) маалымат жана байланыш технологияларын колдонуу мененведомстволук уюмдардын эсебинен маалыматтык жана документациялыкөз ара кызматташууда кызмат адамдары менен арыздануучулардын ортосундагы байланыштын санын кыскартуу.
ККБнын уюштуруу ишмердиги
ККБнын ишмердигин уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынанайыл өкмөтүнүн имаратынан тийиштүү жабдуулар (жабдуулар, телефондор, компьютерлер, принтерлер, ксерокстер, маалыматтык стендтер, TV ж.б.) менен камсыздалган, мүмкүнчүлүккө ылайык биринчи кабаттан өзүнчө бөлмө бөлүп берүүнү камсыздайт.
ККБда белгиленген графиги боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен квалификациялык талаптарга жооп берген адистер тарабынан, кызмат көрсөтүү боюнча функционалдык милдеттер айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кимге жүктөлгөн болсо, мындан тышкары райондо жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү тарабынанкалкка маанилүүрөк кызмат көрсөтүү жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү учурунда, бир нече уюмдар катышса, айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүүчү келишимди, кайрылуучунун жыйынтыктоочу документтерин берген орган менен биргеликте түзөт.
Алыскы айылдардан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ. Кабыл алууга баш тартуу мүмкүнэмес.
Борбор тарабынан акылуу жана акысыз кызматтар жөнүндө калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бөлмөлөргө жайгаштырууну жана жарыяланууну ККБкамсыздайт.
ККБ жайгашкан жайлар кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларга төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө арналган маалыматтык тактайча (көрнөк) менен жабдылат:
а) иш режими жөнүндө;
б) телефондор жана даректер, анын ичинде –мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин электрондук почта даректери;
в) калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкөрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги аларды көрсөтүүнүн шартын (акысыз жана акы төлөнүүчү) көрсөтүү менен. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-феврылындагы№ 80 токтому менен бекитилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин колдонуу зарыл.
Калктын маалыматтуулугун камсыздоо үчүн тиешелүү материалдарды ККБда жайгаштырылган маалыматтык стенддерге жана жарыктандырылуучу таблолорго жайгаштыруу, ошондой эле маалыматык-коммуникативдик технология (МКТ) каражаттарын, электрондукжана басма сөз ММКтарды кеңири колдонуу зарыл.
Кызмат көрсөтүү борборлорунда (ККБ) маалыматтык-
сурап билүүнү камсыздоо
4.1. Маалымат такталары муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдуу жана ар тараптуу материалдар менен камсылдалышы керек, атап айтканда:
а) кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси;
б) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызматтарды алууга зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу же мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан бекитилген бланканын формаларын толтуруу үлгүлөрү;
в) көбүрөөк берилген суроолор жана аларга жооптор (1 айда 1 жолудан жаныланып туруусу зарыл);
г) Муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттарын түшүндүргөн эрежелер, блок схемалар жана графикалык сүрөттөр;
д) административдик процедурадан өтүүнү чагылдырган алгоритм, текст жана блок-схема түрүндөгү маалымат;
е) мамлекеттик алымдарды төлөөгө мүмкүн болгон жакын жайгашкан банктык мекемелердин даректери жана мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;
ж) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча юридикалык жана жеке жактарга кеңеш берүүчү ишмердүүлүктү жүргүзгөн кызматкерлердин телефондору.
4.2. Маалымат системалары төмөнкүлөр үчүн:
а) кызмат көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алууда колдонулуучу маалыматтарды топтоо жана системалаштыруу;
б) кызмат көрсөтүү процессинде кызмат көрсөтүү борборлору менен мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук формада маалымат алмашуу;
в) кызмат көрсөтүү процесстери.
Маалыматтар ар дайым жарык көрнөктөрдө чагылдырылып туруусу керек (маалыматы менен видео экран). Жарык көрнөктөр жарандарды кабыл алууну жүргүзгөн жайга жакын жерде орнотулат.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн субөектилери менен байланыштагы жана ККБнын жумушуна тартылган милдетүү, ыйгарым укуктуу кызматкерди айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен айыл өкмөтүнүн башчысы, ККБнын жооптуу өкүлүн (администраторун) дайындайт.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин милдеттери:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө керектүү документтерди кайрылуучудан алат жана каттоо журналына каттоо жүргүзөт, кайрылуучу берген документтердин толук экендигин текшерет жана мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн берилген документтерин кайрылуу ээсине сакталышы жана кайра кайтарылып берилишине толук жоопкерчилик алат;
б) Кызмат көрсөтүүгө катышкан аткаруу бийлигинин (уюму) мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө ККБдан тиешелүү документтерди жеткирүүнү уюштурат, анан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын жеткирүүсүн уюштурат;
в) 3 күндөн кечикпестен каттоодон өткөндөн кийин документ жүргүзүү тартиптерине ылайык айыл өкмөтүнүн жетекчисине же мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүгүнө кайрылуучунунарызын жана документтердин пакетин берет;
г) кайрылууээсинесуралгандокументтиберет же жүйөөлүүсебептер менен баш тартат;
д) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процедуралары боюнча арызберүүчүлөргө маалымат-кеңеш берүүнү колдоо көрсөтөт.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин укуктары:
а) тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу үчүн керектелген документтерди көрсөтүү толук болбогон учурда, арыз алуу убагында кайрылуучуга кайрылуудагы документтердин пакети толук эмес экендигин билдирип алуудан баш тартат;
б) документтерди берүү учурунда же документтердин пакетин кабыл алууда кайрылуу ээсине төмөнкү учурда баш тартат: эгерде суралган документтерди кабыл алуу укугун тастыктаганже жекелиги тууралуу күбөлүгү,ведомстволор аралык кызмат алуу үчүн (суралган) документтерде көрсөтүлбөсө.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкерибелгиленген тартипте жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
ККБнын курамындагы калкка кызмат көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү:
а) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр учурунда жарандар менен өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон учурда, ККБдагы милдеттүү жооптуу кызмат адамдарынын катышуусун (жайгаштыруусун) камсыздайт;
б) Келишимдердин, башка ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарына ылайык,кайрылуучу тарабынан талап кылынуучу документти даярдайт жетак шарттарын түшүндүрүү менен жүйөөлүү баш тартат.
в) ККБнын кызматкерлерине керек болгон маалымат базаларына, ошол эле учурда электрондуктүрдөгү базаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
г) ККБга даярдалган документти беретжежүйөөлүүсебептер менен баш тартат;
д) ушулТиптүүжободокөрсөтүлгөнмаксаттаргажанамилдеттергежетишүүнү толук камсыздайт.
Документтерди кароо жана берүү ведомстволораралык кызмат алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга, келишимдерге ылайык белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Айыл өкмөт башчысынын жоопкерчилиги
Айыл өкмөт башчысы ККБны уюштуруу жана анын иштешин камсыз кылуусуна жекежоопкерчилик тартат.
Айыл өкмөт башчысы ККБнын ишмердүүлүгү боюнча маалыматты жергиликтүү кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы жөнүндө отчет учурунда берет.
Кошумча кызматтар
7.1. Борбор жайгашкан бөлмөдө, кайрылуучу субөекттердин убактысын чыгымдарын жана материалдык чыгымдарын төмөндөтүү камсыздоо талаптарына ылайык, конкурстук негизинде чарбалык субөектилер мененкошумча (документтердин көчүрмөсүн даярдоо, ж.б.) тиешелүү кызматтарды көрсөтө алат.
7.2. Чарбалык ишмердиктин чөйрөсүндө уруксат берүү мүнөздөгү (кайра каттоо, дубликат берүү, күчүн жоготуу) документтери боюнча ККБ административдик кызмат берүүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу укугуна ээ.
ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
8.1. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жаамат менен бирге жүргүзөт.
8.2. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен бирге жүргүзөт.
8.3. ККБда калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү ишмердигин мониторингдөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, өз компетенциясына ылайык жүргүзөт.