Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 22-сессиясынын кезексиз отуруму
2018-жылдын 27-ноябры №5
Чоң-Алай айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» № 6-токтомуна ылайык Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 22-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановго айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын бекитилген базалык реестринин негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын
Төрага | Н Маматназаров |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-ноябрындагы 22-сессиясынын кезексиз отурумунун № 5- токтомунун № 1- тиркемеси
Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кыматтардын тизмеги боюнча маалымат
№ | Муниципалдык кызматтардын аталышы | Мун-к кызмат көрсөтүүнү стандарт-таштырууга жооптуу органдын аталышы | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Мун-к кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү, акысыз) |
1 | Жугуштуу оорулардын алдан алуу максатында жолбун ит, мышыктарды атып жок кылуу жылына 2 жолу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
2 | Айылдык аймака караштуу мектеп мугалимдерин медициналык кароодон өткөрүү үчүн жалпы чыгымдарда төлөө | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
3 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектеп, бала бакчаларга видео көзөмөл отургузуу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
4 | Мектеп окуучуларын арасында өтүүчү предметтик олимпиадардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
5 | Мектеп окуучуларын облустук олимпиадарга катыштыруу үчүн жол акыларын берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
6 | Аймактагы спорчуларды республика аймагындагы жана чет өлкөлөрдө өтүүчү ар түрдүү спорт оюндарынын түрүнө катыштыруу үчүн жол акыларын жарым жартылай төлөп берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
7 | Аймактагы маданий иш-чараларды өткөрүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
8 | Чоң-Алай районунун Чоң-Алай жаңырыгы гезитине жылына 1 жолу 30000 сом акчалай колдоо көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
9 | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
10 | Башка жактан келген дарыгерлердин жашаган үйлөрүнүн ижара акыларын жылына 1 жолу төлөө 40000 сом | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
11 | Жылдын мыкты кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жылына 1 жолу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
12 | Баатыр-Энелерди сыйлоо жылына 1 жолу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы: Т.Жайчибеков