Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 1
Жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кең-Арал айылынын тургуну Орозалиев Нураттын кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүңүн муниципалдык менчигиндеги айылдын түштүк тарабындагы мурдагы Кең-Арал колхозунун механикалык гаражы жайгашкан жерден логистикалык борбор ачуу үчүн курулуш курууга жер аянтын сурап жазган кайрылуусун карап талкуулап кайрылуунун канааттандыруу максатында Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Кең-арал айылынын түштүк тарабындагы мурдагы Кең-Арал колхозунун механикалык гаражы жайгашкан жерден логистикалык борбор ачуу үчүн курулуш курууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Укуеевге милдеттендирилсин..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Жумабеков И.О. |