Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 22-ноябры № 8
“Республикалык бюджеттен келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”
Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин 39-чакырылышынын кезексиз сессиясы Кең-Арал айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсү боюнча республикалык бюджеттен келип түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө маселени карап, талкуулап чыгып Кең-Арал айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кең-Арал айыл аймагына республикалык бюджеттен келип түшкөн 1000000(бир миллион) сом акча каражаттарын “Билим берүү” бөлүмү боюнча 2231(электр энергия) статьясына 200000 (эки жүз миң) сом, 2221(мүлктү учурдагы оңдоого) статьясына 10000 (он миң) сом. Мамлекеттик тейлөө бөлүмү боюнча 2211 (кызматтык иш сапар чыгым) статьясына 20000(жыйырма миң) сом. Турак жай бөлүмү боюнча 3112 (Башка эмерек жана жабдууларды сатып алууга) статьясына 720000 (жети жүз жыйырма миң) сом, 2215(ар кандай чыгым) статьясына 50000 (элүү миң) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын ФЭБ нүн башчысы Н. Жаңыбердиевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы М.Укуеевге тапшырылсын.
Төрага | Жумабеков И.О. |