Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI I чакырылышынын кезектеги X I X сессиясы
2018-жылдын 21-ноябры № 27/19-4
Лиман жакка кеткен жолдун боюндагы куураган теректерди жаштарга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана жаштар уюмунун кайрылуусун карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лиман жакка кеткен жолдун боюндагы куураган теректерди жаштар уюмуна кыйып алуу үчүн берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Окенаев Т.М. |