Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI I чакырылышынын кезектеги X I X сессиясы
2018-жылдын 21-ноябры № 27/19-6
Өздүк салым кошуу жөнүндө
Ананьев айлындагы «Келечек” бала бакчасынына эмеректерди, балдарга арналган жууркан комплектерин, ноутбук, түстүү принтер, проектор, магниттик доска, плазмалык телевизор жана башка жабдууларды алуу үчүн АРИС долбооруна катышууга 3,75% өздүк салым кошуу жөнүндө киреше жана финансы боюнча жетектөөчү адис Т.М.Агатаеванын сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Келечек” бала бакчасына эмеректерди, балдарга арналган жууркан комплектерин, ноутбук, түстүү принтер, проектор, магниттик доска, плазмалык телевизор жана башка жабдууларды алуу үчүн өздүк салымына акча каражаты 2019-жылдын бюджетинен бала бакча бөлүмүнүн 2222 статьясынан- “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу” 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ананьев айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы З.М. Аттоевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссияга жʏктөлсʏн.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Окенаев Т.М. |