Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы № 1/1
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга бюджетинин кабыл алынышы жана 2019-2020- жылдарга бюджетинин долбоору жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын,2018-жылга бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоору жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Керимкулованын отчеттук билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылга аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү,бекитилген киреше 3177,3 (үч миллион бир жүз жетимиш жети миң үч жүз ),тендөөчү грант 7275,9(Жети миллион эки жүз жетимиш беш миң тогуз жүз) жалпысы 10453,2(Он миллион төрт жүз элүү үч миң эки жүз) сом суммасында №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-2020жылдардагы Республикадан берилүүчү гранттык каражаттардын,жергиликтүү бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:2019-жылга теңдөөчү гранты 7160,3 миң сом,жергиликтүү бюджеттен -3305,3 миң сом . Жалпысы 10465,6 (Он миллион төрт жүз алтымыш беш миң алты жүз) сом.2020-жылга теңдөөчү грант 6853,8 миң сом, жергиликтүү бюджеттен -3445,3 миң сом. Жалпысы -10299,1(Он миллион эки жүз токсон тогуз миң бир жүз) сом.2019-2020-жылдардагы жактырылган Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттин болжолдуу параметрлерин алар кабыл алган ар бир конкреттүү мезгилде тактоого жатат.№3 тиркемеге ылайык негиз белгиленсин.
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 98,0( токсон сегиз миң) сом өлчөмүндө Айыл Өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403-токтомуна негиз Айыл аймагына статус алган 3(Үч) штат айыл башчылары жетектөөчү адистин жана 2(штат) ВУС инспектору адистин айлык акысынын деңгеелинде,калган штат бирдиктер менен жалпысы 19,0 бирдик №4-тиркемеге негиз бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 200,0( эки жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын киреше бөлугунөн калган 1350118 сом акча каражатынан :-2018-жыл үчүн кассалык жүгүртүлүүчү накталай акчага 200,0 (Эки жүз миң )сом- башкаруу аппаратына айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон «Техсервистин» капиталдык ремонтунун өздүк салымына,айылдык врачтык амбулаториясынын айланасын тосуу үчүн Р-701 ст 31113390 Башка курулуштарды капиталдык оңдоо үчүн 324,7(Үч жүз жыйырма төрт миң жети жүз)сом- 2018-жыл даярдалуучу долбоорлор үчүн, эгемендуулуктун 27-жылдыгына өткөрүү, өзгөчө кырдаалдар үчүн ст 22154900 Ар түрдүү чыгым үчүн 370,0(Үч жүз жетимиш миң)сом бөлүнүп берилсин.
-Айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчиги болгон “Бакыт үйүнө “ кондиционер жана айыл өкмөтүнө караштуу мекеме –ишканалардын счетчиктерин алмаштыруу үчүн ст 3112390 Башка-эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу үчүн-295,4 (Эки жүз токсон беш миң төрт жүз )сом
-Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон эс алуучу жайын ремонттоо үчүн ст 22211100 Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар үчүн -100,0(Бир жүз миң )сом
-Өлөн-Булак , Кара-Төбө айылдарынын муктаждыктары үчүн столбо, зым алуу үчүн ст 22221100 Камсыз кылууларды алуу үчүн-60,0(Алтымыш миң ) сом бөлүнүп берилсин.
11.Жайыт бирикмесинин берген планынын негизинде 200,3(Эки жүз миң үч жүз ) сом акча каражаты киреше бөлүгүнө отургузулуп ,3/2 бөлүгү жайыт бирикмесине которулуп,3/1 бөлүгү Р-701 ст т22221100 Камсыз кылуу үчүн бөлүнсүн.
12.Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Керимкуловага милдеттендирилсин.
13.Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |