Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XI cессиясы
2018-жылдын 16-январы № 2
Айылдык кеңештин регламентине кошумчаларды киргизүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы Ө.Мамадалиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айылдык кенештин депутаттары жыл ичинде эч кандай себепсиз сессияга үч жолу катышпаса жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын отурумдарына эки жолу катышпаса айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу менен депутаттык мандаты алынсын.
2. Токтом айыл окмотунун расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төрага | Ө.Мамадалиев |