Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XII cессиясы
2018-жылдын 31-январы № 4
Сессияга айыл окмотунун аппарат кызматкерлери,айыл башчылар,коомдук уюдар, мекеме-ишканалардын жетекчилери,мектептердин соц.педагогдору,участкалык инспекторлор катышышты.
Күн тартиби.
Айыл аймагында укук тартибинин абалы жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сасыкбай уулу Муктарбек чыгып сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду.
Урматтуу бүгүнкү сессиянын катышуучулары!
Кийинки мезгилдерде,айрыкча өспүрүмдөр арасында же болбосо мектептердин жогорку класстардын эркек окуучулары мектеп-мектеп,айыл-айыл болуп мушташышкан фактыларын өзүңүздөр байкап турган болушуңар керек. Мунун аягы жакшылыкка алып келбей тургандыгын жакшы билип турасыздар.Бул жаман илдетти токтотуу ар бирибиздин милдетибиз.Кандай сунуштарыңар бар? Шерматов А. Ү.Турдубаев атындагы орто мектебинин директору.Биздин мектепте мурунку жылдары Тосту участкасынын балдары көп тартип бузса,кийинки убактарда Туюк-Жар айылынын балдары тартип бузушуп келишет.
Биз,бул боюнча айрыкча балдар мектеп учурунда болгон мезгилдерде колубуздан келишинче көзөмөлдүккө алып тарбия ишин жүргүзүп жатабыз. Мектептен кийин жана кечкисин биз көзөмөлдөй ала албайбыз,буга ата-энелер катуу турсак жакшы болот эле. Участкалык инспекторлор жардам беришсе.
Андан кийин чыгып сүйлөгөн участкалык инспектор эгерде кайсыл мектепте,кайсыл жерде окуучулар арасында тартип бузучулуктар болсо бизге өз мезгилинде кабар бериңиздер.Тартип бузуу фактылар аныкталса мыйзам чегинде чара көрөбүз. Бирок ошол мезгилде ар кимиңер тартип бузса да өз балдарыңарды коргойсуңар,мектеп мугалимдери өзүбүзгө сөз тийип калбасын деп тартип бузуулукту жаап койгун деп суранасыңар.Ошондой нерселер болбосо жолго койсок болот.
Айылдык кеңештин төрагасы Ө.Мамадалиев мектеп директорлоруна,участкалык инспекторлорго ар бир мектептерде жогорку класстарынын эркек окуучуларын,ата-энелерин чакыртып чогулуштарды өткөрүп андан сырткары ар кандай профилактикалык иштерди жүүргүзүү жагын милдеттендирди.
Каралган маселе боюнча Кашка-Суу айылдык кеңештин VIIчакырылышынын XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл аймагында өспүрүм балдар арасында ар кандай тартипсиздикке жол бербөө максатында тынымсыз профилактикалык иштерди жүргүзүп туруу жагы мектеп жетекчилерине, өспүрүмдөр менен иштөө инспекторуна жана участкалык инспекторлорго жүктөлсүн.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |