Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XII cессиясы
2018-жылдын 31-январы № 5
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринии отчету жана 2018-жылга карата жайыттарды пайдалануу бонюча мал башына алынуучу акча каражаттарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Курбанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Жапйыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жыл ичинде жүргузүлгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыттарды пайдалануу боюнча мал башына төмөндөгүдөй өлчөмдө акча каражаттары өндүрүлсүн.
1(бир) баш кара мал үчүн 50(элүү) сомдон
1(бир) баш кой-эчки үчүн 10(он) сомдон
1(бир) баш жылкы үчүн 60(алтымыш) сомдон
3. Жайыт пайдалуучулардан түшкөн акча каражатынын жалпы суммасынын 3\1 (үчтөн бир) бөлүгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн счетуна кириштелсин жана айыл өкмөтүнүн счетуна кириштелген бөлүгүнун эсебинен 10600 (он миң алты жуз)сом Жайыт жер салыгына эсептелсин.
4. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңкштин айыл,чарбасы,жер,суу,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |