Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XII cессиясы
2018-жылдын 26-февралы № 3
“Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби чек ара, жана өзгөчө кардаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 17-июнундагы отурумунун токтомун ылайык Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кашка-Суу айылынын Туюк-Жар участкасынын тургуну эмгек ардагери Айтмырзаев Арапбайдын мурунку советтик жана партиялык кызматтардагы жана эгемендүү кыргыз мамлекетин чыңдоодогу үзүрлүү эмгеги бааланып Кашка-Суу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
2. Эмгек ардагери Айтмырзаев Арапбайга “Айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын тастыктоочу белгилер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайытына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, чек ара жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |