Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XV cессиясы
2018-жылдын 29-июну № 1
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги “Тейлөө үйүнүн” имаратын Б. Өмүшова атындагы балдар бакчасынын пайдалануусуна макулдук берүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча Б. Өмүшова атындагы балдар бакчасы өз мезгилинде чайкананын 7 бөлмөлүү имаратына ачылгандыктан 2 тайпага же болбосо 60 гана тарбиялануучу бар. Ал эми балдар бакчасы үчүн күн өткөн сайын муктаждыктар көбөйгөндүктөн 2017-жылы капиталдык ремонттон өткөн “Тейлөө үйүнүн” бала бакчасына айландырсак 60 орундун ордуна 140 орундуу бала бакча ачса боло тургандыгы боюнча айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги “Тейлөө үйүнүн” имаратын Б. Өмүшова атындагы балдар бакчасын пайдалануусуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |