Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XV cессиясы
2018-жылдын 29-июну № 3
Б.Өмүшова жана П. Нармырзаев атындагы балдар бакчасына кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө.
Кашка-Суу, Жаны-Айыл айылдарынын жашоочуларынын зарылдыка жараша балдар бакчасындагы тарбиялануучулардын санын кеңейтүү жөнүндөгү суроо талаптарына ылайык Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чыгарылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл аймагынын Кашка-Суу, Жаңы-Айыл айылдарынын жашоочуларынын суроо талаптарына ылайык Б. Өмүшова атындагы балдар бакчасына 2(эки) тайпа, П. Нармырзаев атындагы балдар бакчасына 1 (бир) кошумча тайпаларынын ачылышына макулдук берилсин.
2. Болочок ачыла турган кошумча тайпалар штат бирдиктерин чечип берүү боюнча тийешелүү иш аракеттерди жүргүзүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |