Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XV cессиясы
2018-жылдын 29-июну №4
«Падыша-Ата мазары» жөнүндө
Айыл аймагынын Жайык участкасында жайгашкан “Падыша-Ата” мазары кийинки учурларда талаш тартышттар пайда болуп, натыйжада соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыктан ал жай кароосуз калып жаткандыгы жөнүндө элдерден ооз эки кайрылуулар түшүп жаткандыгы жөнүндө айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, суу, курулуш жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрөгасы Ж. Досалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII чыгарылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагында жайгашкан тарыхый ыйык жай болуп эсептелген “Падыша-Ата мазары” талаш тартыш болуп жаткандыгына байланыштуу ал жай кароосуз калып жаткандыктан соттук териштирүүлөр бүткөнгө чейин ал жай “Падыша-Ата” мамлекетик коругунун аймагында жайгашкандыктан өздөрүнүн кароосуна алып туруу жагы “Падыша-Ата” мамлекеттик коругунун жетекчилигине сунушталсын.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, суу, курулуш жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |