Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVI cессиясы
2018-жылдын 10-августу №2
Атуулдардан келип түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, суу, турак жай, курулуш жаратылышты коргоо жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 07.06.2018-жылдагы №7 токтомуна ылайык Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кайрылууларда айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын тургундары Шералиев Эгемберди жана Сасыкбай уулу Муктарбектин ошол эле участкадагы темир көпүрөнүн батыш тарабынан, Кербен жактан келген жолдун сол тарабына жана Шералиев Арстаналынын үстүндөгү эски аялдаманын ордуна заманбап аялдама куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана Кара-Башат участкасынын тургундары эмгек ардагерлери Шерматов Дайырбек жана Шерматова Майрамкандар көп жылдык эмгегибизди эске алып, Жайык участкасындагы айыл өкмөтүнө караган эс алуу жайындагы кароол отурган жыгач үйүн жана анын айланасындагы 0,10 га жерин белекке берүү үчүн макулдук берүүнү суранышкандыктан анын мыйзамдуулугун териштирип кайрылуу ээлерине жообун берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, суу, курулуш жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |