Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XV cессиясы
2018-жылдын 17-сентябры № 1
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-ай ичинде аткарган иштеринин отчету
Каралган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У. Керимкуловдун отчеттук билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 8 ай ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн толтурууда жерди кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен түшүүчү ижара акылар 95,2% ге жана жайыт ижара акы 52,5% га аткарылгандыгы белгиленсин жана бул боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү ижарачыларга жана жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесине жүктөлсүн.
3. Айыл аймагында жумушчу орундарды түзүү максатында инвестиция тартуу менен чакан ишканаларды ачуу кеңири практикалансын жана бул боюнча конкреттүү иш чараларды иштеп чыгуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
Төрага | Ө.Мамадалиев |