Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XV cессиясы
2018-жылдын 17-сентябры № 2
Айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын Курташ участкасынын жайыт жерине бак дарак олтургузуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү үчүн макулдук берүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айыл аймагындагы Жаңы-Айыл айылынын жашоочулары ошол эле аймактагы Курташ участкасынын бош жаткан жайыт эсебиндеги 10,0га жерди бак дарак олтургузуп көрктөндүрү үчүн жер аянтын бөлүп берүү үчүн макулдук берүүгө айылдык кеңешке кайрылуу келип түшкөн. Бул боюнча 30 айыл тургуну катышып кол коюшкан 2018-жылдын 10-сентябрында өткөрүлгөн айылдык чогулушунун токтому кошо тиркелет.
Кайрылуу боюнча айылдык кеңештин жер, турак жай, суу жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрөгасы Ж.Досалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын Курташ участкасынын жайыт жерине бак дарак олтургузуп, көрктөндүрүп, келечекте сейил багына айландыруу үчүн 10,0га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин .
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын ажыратып берүү жагы Кашка-Суу Жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесине жүктөлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |