Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XVII cессиясы
2018-жылдын 17-сентябры № 5
Кербен шаардык мэриясынын кайрылуусу жөнүндө
Кербен шаардык мэриясына шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоору ишке ашып жаткандыгына байланыштуу суу түтүгүн жер астынан алып кетүү үчүн тиешелүү болгон жер аянтын сурап кайрылышкандыктан, жергиликтүү кеңештин макулдугун сурап Кашка-Суу айыл өкмөтү кайрылган. Ошого байланыштуу айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Досалиев билдирүү жасады. Андан кийин Кербен ИСКАКБнын жетекчиси М. Токтомушев таза суу долбоору жөнүндө кеңири түшүнүк берди. Албетте Кербен шаарына кетүүчү суу түтүгү Кашка-Суу айыл аймагы аркылуу өтөт. Суу башаты Кашка-Суу айылынын Кара-Арча участкасында жайгашкан, ал эми суу кампасы Ак-Терек участкасында жайгашкан. Бүгүнкү күнү ошол участкаларында жайгашкан суу башаты жана суу кампасы ээлеген жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн Кашка-Суу айыл өкмөтүнө эч кандай ижара акы төлөнбөй келгендиги жөнүндө депутаттар Ж. Досалиев, Б. Исманалиев, Камчыбек уулу Шекербектер айтышып эки тараптын келишүүсү менен Кашка-Суу айыл аймагында таза суу долбооруна кирбеген Баялы-Ата жана суу жетпеген Чарбак жана Гулбак участкасында жашаган элдерге Кербенге кеткен суу түтүгүнүн эсебинен камсыз кылуу сунуштарын айтышты. Бул сунушту айылдык кеңештин депутаттары бир добуштап колдошуштуу.
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кербен шаардык мэриясынын кайрылуусу боюнча төмөндөгүлөр сунушталсын.
2. Кербен шаардык мэриясы менен Кашка-Суу айыл өкмөтү өз ара келишип айыл аймагында жайгашкан суу башаты менен суу кампасы ээлеген жана жер астынан өтүүчү суу түтүгү өткөн жер аянтынын ижара акысынын эсебинен долбоорго кирбеген Баялы-Ата айылынын жашоочуларын жана айылдын этегиндеги суу жетишпеген Чарбак, Гулбак айылдарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагы сунушталсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |