Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 1
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга карата бекитилген сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кенештин бюджет, каржы, кредит маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү М.Үсүпбаевдин билдируусун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы токтом кылат
1. Зарылчылыкка байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга карата бекитилген сметасына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:Таза-Сууга бөлүнгөн 400,0(Төрт жүз мин) сом акча каражатынан:
1)Чарбак, Гүлбак айылдарындагы суу түтүкчөлөрүн өзгөртүп коюуга 215.0(Эки жуз он беш мин) сом
2)Орто -Айыл айылына жаны суу түтүкчөлөрүн орнотуу үчүн 150,0(Бир жуз элуу мин) сом
3) №13 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына суу түтүкчөлөрүн киргизүүгө 30,0(Отуз мин) сом
4) Жайык ФАПына суу тутукчолорун кирги зүүгө кошумча 5,0(Беш мин) сом бөлүнсүн.
2.Айыл окмотунун жыйындар залына отургучтарды жанылоого бөлүнгөн 150,0(Бир жуз элуу мин) сом акча каражаты:
1) Б.Өмушова бала бакчасына кошумча тайпасына керектуу мебелдерди алуу үчүн 150(Бир жуз элуу мин) сом акча каражаты бөлүнсүн
3.Бала бакчаларга жаны тайпалар ачылгандыгына байланыштуу тамак аш продуктасы
үчүн көмүрдөн үнөмдөлгөн акча каражатынан 24,0(Жыйырма төрт мин) сом бөлүнсүн.
4.Жайыт бирикмеси тарабынан Арис программасынын негизинде трактор алуу үчүн өздүк салым 656,7(Алты жүз элүү алты мин жети жуз )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. .Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлго алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө .Мамадалиев |