Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2018-жылдын 1-ноябры № 2
Асыранкулов Каратайды Кыргыз Республикасынын “Эмгек синирген мугалими” наамына көрсөтүү жөнүндө
Айыл аймагындагы Ү. Турдубаев атындагы орто мектебинин ардактуу эс алуудагы кыргыз тили, адабияты жана башталгыч аскердик тарбия боюнча мугалими Асыранкулов Каратайдын келечек муундарды окутуп тарбиялоодогу көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып Кашка-Суу айылдык кенештин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ардактуу эс алуудагы Ү. Турдубаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили, адабияты жана башталгыч аскердик тарбия боюнча мугалими Асыранкулов Каратайды Кыргыз Республикасынын “Эмгек синирген мугалими” наамына көрсөтүү жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 12-ноябрь 2018-жылындагы №58-т токтому колдоого алынсын.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө .Мамадалиев |