Загрузка документа…
СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры № 47
Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча
Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Торкен айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин билдирүүсүндө АРИС программасынын негизинде келе турган Хова автомшинасынын өздүк салымы үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 510,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп бекитилип берилсин.
2. Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн каражатынан көмүргө 2224- беренесинен 315,0 миӊ сом, электр энергиясынан 2231- беренесинен 195,0 миӊ сом акча каражаты 22154900 беренесине- 510,0 миӊ сом АРИС программасынан келе турган Хова автомашинасынын өздүк салымы үчүн жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков |