Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын ХI сессиясы
2018-жылдын 12-декабры №2
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу, 2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу, 2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу, 2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинин,19-беренесинин талаптарына каршы келгендиктен жокко чыгарылсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |