Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын ХI сессиясы
2018-жылдын 12-декабры №4
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевдин 2018-жылы түзүлгөн бюджеттик түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевдин 2018-жылы түзүлгөн бюджеттик түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн чыгашалар бөлүмүнүн 70111 бөлүмчөсүнүн 2222 беренесинен 2211 беренесине 50000(элүү миң) сом, 70629 бөлүмчөсүнүн 2215 беренесинен 2222 беренесине 20000(жыйырма миң) сом акча каражаты которууга алынсын.
2. Жогорудагы 70000 (жетимиш миң) сом акча каражаттарын бөлүмдөн бөлүмгө, беренеден беренеге которуу жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Д. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |