Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын ХI сессиясы
2018-жылдын 12-декабры №5
Ак-Суу айылынын уулу-жазуучу, акын, котормочу жана “Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамынын “Эмгек ардагери”, “Эмгек каармандыгы” медалдарынын ээси Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке (Ильгиз Талипке) Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жана акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө
Ак-Суу айылынын уулу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу, акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын уулу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Жазуучу, акын, котормочу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке 10000 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |