Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры № 21/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021ж. карата стратегиялык өнүгүү планына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 07.12.2018-жылдагы № 1-12/900 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына толукто жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектебинин кошумча окуу корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү иштери Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткаруусун көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |