Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын ХI сессиясы
2018-жылдын 12-декабры №3
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору 10397500 сом болуп бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Д. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Эшалиев |