Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХI- сессиясы
2018-жылдын 13-декабры № 21/2
Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Сатылганов атындагы № 3 орто мектебинин кошумча окуу корпусу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 07.12.2018-жылдагы № 1-12/900 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектебинин кошумча окуу корпусунун чатырын жана ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин түрткү гранттан карала турган долбоордун 12% түзгөн өздүк салымын 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектебинин кошумча окуу корпусунун чатырын жана ашканасын 2019-жылдын эсебинен жергиликтүү бюджеттен капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү үчүн долбоордун 12% өлчөмү 399550 (Үч жүз токсон тогуз миң беш жүз элүү сом) каралсын.
2. Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |