Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХI- сессиясы
2018-жылдын 13-декабры № 21/3
Көк-Жаңгак шаарындагы муниципалдык жерлерди коммуналдык менчик департаментинин балансына алуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 07.12.2018-жылдагы № 1-12/900 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы ижарага берилген жана берилүүчү муниципалдык жерлерди муниципалдык менчике коммуналдык менчик департаментинин балансына алуу жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы ижарага берилген жана берилүүчү 52га муниципалдык жерлерди муниципалдык менчике коммуналдык менчик департаментинин балансына алынсын.
2. Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансына киргизүү жагы КМДнин бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |